Француз акыны жана жазуучу, сюрреализмдин негиздөөчүсү Луи Арагон (чын аты-жөнү Луи-Мари Андриё) Парижде туулуп, 1982-жылы 24-декабрда 85 жашында көз жумган. Ал өз убагында Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестине карата "Сүйүү жөнүндөгү эң мыкты баян" деп өзүнүн баасын берген.