12- Март 1944 -жылы акын, драматург жана котормочу Турсунбек Абдыгулов туулган
Акын, драматург жана котормочу Турсунбек Абдыгулов Фрунзе шаарында туулган. Фрунзедеги №13-мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.
1969-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Панфилов дивизиясында лейтенант наамында мотоаткычтар взводунда командир болгон. 1972-жылы армиядан кайтып келгенден кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1978-жылдан "Советская Киргизия" гезитинде кабарчы, 1979-жылдан “КирТАГ” маалымат агенттигинин редактору, 1980-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин редакциялык-репертуардык коллегиясынын редактору, 1986-жылдан ошол коллегиянын башкы редактору, 2000-жылдан Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын музейинин директору болуп иштеген.
Адабий чыгармачылыгы 1963-жылы алгачкы ыры университеттин көп нускалуу гезитине басылып чыккандан башталып, кийин чыгармалары "Литературный Киргизстан" журналына "Комсомолец Киргизии", "Советская Киргизия", "Вечерний Фрунзе" гезиттерине жарыяланган. Ал балеттик либреттолорду, бир актылуу жана көп актылуу пьесаларды жазган. Ал кыргыз драматургдары: Т.Абдумомуновдун, Ж.Садыковдун, М.Гапаровдун, Б.Калчабаеванын, А.Дыйканбаевдин, М.Тойбаевдин, Ш.Бейшеналиевдин, Э.Турсуновдун, С.Раевдин, К.Ажымудиновдун ж.б. 30га жакын пьесаларын орус тилине которгон.
Ал 1-республикалык жаш акындар фестивалынын лауреаты. Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан