15- Январь 1932 -жылы жазуучу, котормочу жана режиссёр Жалил Абдыкадыров туулган
Жазуучу, котормочу жана режиссёр Жалил Абдыкадыров Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Чырак айылында туулган. 1946-1949-жылдары Караколдогу педагогикалык окуу жайында окуп, Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунун режиссёрдук факультетине тапшырган.
Институтту аяктагандан кийин 1954-1961-жылдары Караколдогу Ысык-Көл драма театрында башкы режиссёр, 1961-1962-жылдар аралыгында режиссёр-коюучу, 1962-1966-жылдары Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик драма театрында башкы режиссёр, 1966-1967-жылдары Москвада Академиялык кичи театрында режиссёр-дасыгуучу, 1967-1973-жылдары кайрадан Кыргыз мамлекеттик драма театрында башкы режиссёр, 1973–1976-жылдар аралыгында Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977–1979-жылдары Нарын музыкалык-драма театрында режиссёр-коюучу, 1980-жылдан Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун доценти, ошол эле мезгилде Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссёр-коюучусу, 1982-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик драма театрынын башкы режиссёру болуп иштеген. "Олжобай менен Кишимжан", "Толкун", "Ырдуу күйөө, чырдуу кыз", "Жүрөгүм менин тоолордо" жана башка пьесалары республиканын көптөгөн театрларында коюлуп, телекөрсөтүүдөн көрсөтүлүп, радиодон уктурулган. Ошондой эле пьесаларынын бир нече жыйнагы, юмордук жана сатиралык чыгармалары жарык көргөн. 20дан ашык аңгемелердин, публицистикалык макалалардын, интермедиялардын автору. Ал көптөгөн авторлордун сценарийлерин пьесага, инсценировкаларын театралдык оюндарга которуп жазган жана ондогон көркөм фильмдерди которгон.
1964-жылы кыргыз театралдык искусствосун өнүктүрүү тармагындагы эмгеги үчүн "Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы берилген. Ал эми 1986-жылы Ж.Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклин койгондугу үчүн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Ошондой эле "Каарман эмгеги үчүн" медалы менен сыйланып, 1982-жылдан Кыргыз Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан