20- Март 1967 -жылы акын, жазуучу Жыпар Исабаева төрөлгөн
Акын, жазуучу Жыпара Исабаева Нарын облустунун Миң-Булак айылында туулган. 
“Кыргыз Туусу” гезитинин бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, он поэтикалык жана прозалык китептердин, обондуу ырлардын жана соңку убактарда тартылган айрым көркөм тасмалардын сценрийлеринин автору Жыпаркүл Исабаева адабиятка мектеп курагынан аралашып келет. Анын алгачкы макалалары, ырлары, аңгемелери 13 жашынан – 1980-жылдан тартып “Кыргызстан пионери” (азыркы “Жеткинчек”), “Ленинчил жаш”, “Жаш ленинчи” гезит-журналдарында жарыяланып келген. 1996-жылы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетин аяктап, журналисттик эмгек жолун “Жеткинчек” (мурдагы “Кыргызстан пионери”) гезитинде адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, “Кыргыз Караван” менчик гезитинин кабарчысы катары баштаган. 2002-жылдын 1-апрелинен тартып “Кыргыз Туусу” гезитинде иштейт. 13 китептин, эки жүзгө жакын обондуу ырлардын жана эки көркөм тасманын сценарийинин автору. 1988-жылы “Хельветас” эл аралык кызматташтыгынын Швейцариялык ассоциациясы уюштурган акын-жазуучулардын сынагында, 2009-жылы өткөн эл аралык “Казакстан-Кыргызстан – түбөлүк достук” конкурсунда жеңүүчү-лауреат болгон. 2010-жылдан Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты. Анын “Сүйүү көргүм келет сенин көзүңдөн”, “Жыландын сүйүүсү”, “Алыкулду сүйгөн кыз”, “Махабат мазары”, “Канат и Зарина” (орус тилинде), “Тагдыр жана сыйкыр”, “Жапайы бала”, "Сексен жетинчи ашуу”, “Күнкесел” повесттери, “Бир үзүм от” ыр жыйнагы бүгүнкү жашоо-турмушту чагылдырып, анын ак-карасын, тазалыгы менен ыпыластыгын, сүйүүсү менен жек көрүүсүн чагылдырып ыймандуулукка, сабырдуулукка, көтөрүмдүү-кечиримдүүлүккө үндөгөн “Адашкандар-1”, “Адашкандар-2” романы ж.б. бар. Учурда “Адашкандар” романынын, негизинде жазган “Баарын башынан баштайлычы”, Т.Бирназаров менен биргелешип жазган “Кумар” киносценарийлери режиссер Т.Бирназаров тарабынан кинотасма болуп тартылып, көрүүчүлөргө сунушталууда. Мындан сырткары Каракол драма театры тарабынан анын “Махабат мазары”, Талас драма театры “Сексен жетинчи ашуу” повесттери сахналаштырылып, театр сүйүүчүлөрүнө тартууланып келет. Азыркы иштеген жери: “Кыргыз Туусу” гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы. Жашоодогу урааны: “Элге берсин, эл ичинде бизге берсин!”
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан