1- Январь 1942 -жылы акын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев туулган
Акын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1963-1969-жылдары Калинин районунун Суусамыр өрөөнүндөгү 8-Март, Каракол башталгыч мектептеринин мугалими болуп иштөө менен баштаган.
1969-1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген.
Ш.Кулуев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, ага 1994-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери" наамы берилген. Көп жылдык эмгеги эске алынып Ш.Кулуевге 1987-жылы" Эмгек ардагери" медалы, 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги" төш белгиси, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, "Жайыл районун ардактуу атуулу", Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун " Кеменгер" төш белгиси берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан