Куудул Келдибек Ниязов Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак айылында туулган. 1969-жылы Куланак айылындагы орто мектепти аяктап, 1972-жылы эки жылдык эстрадалык студиядан окуп, улуттук эстрада жанрынын негиз салуучусу Чоро Кожомжаров менен иштешкен. 1989-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий массалык иштер боюнча факультетин аяктаган.