1- Май 1955 -жылы Драматург, акын, тележурналист Жеңишгүл Өзүбекова туулган
Драматург, театр артисти, акын, тележурналист, продюсер, сценарист Жеңишгүл Өзүбекова Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында туулган. 
Жеңишгүл Өзүбекова 1971-жылы Бишкектеги №5 орто мектебин, 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1972-жылы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында актриса болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Кыргыз телерадиокомпаниясында диктор, Киров райондук элдик театрында режиссёр, Кыргыз улуттук телерадиокоропорациясында "Кыргызсериал" студиясында башкы редактор болуп иштеген. Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка аралашып, ырлары, новеллалары күндөлүк гезит-журналдарга чыгып, телерадиодон уктурулган.
Биринчи ырлар жыйнагы 1987-жылы "Жан сырым" деген ат менен жарык көргөн. Жеңишгүл Өзүбекова 20дан ашуун пьесанын автору. Алгачкы чыгармасы "Кыял" (мелодрама) 1988-жылы Нарын театрында, "Апамдын махабаты" 1989-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрында (режиссёру Ж.Сейдакматова) коюлган. Ал эми "Карагыз" трагедиясы 1990-жылы "Тунгуч" Жаштар театрында (режиссёру А.Сарлыкбеков), "Күйөө сатам" комедиясы 1997-жылы "Тунгуч" театрында (режиссёру Н.Абдыкадыров), "Толгоо" психологиялык драмасы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрында (режиссёру З.Сооронбаев) коюлган. Драмалары башка тилдерге которулуп, Казакстандын Өскемен (Усть-Каменогорск) драма театры "Толгоо" драмасын, Тажикстан академиялык драма театры "Тозок" драмаларын сахналаштырган. 
Кыргыз улуттук телерадиокоропорациясында тартылган алгачкы кыргыз сериалдарынын негиздөөчүсү. "Ак босого" аттуу автордук берүүсүндө гендердик тематикага байланыштуу көйгөйлөрдү чагылдырган. 2004-жылы Ялтада өткөн эл аралык телекинофестивалда "Карагыз" толук метраждуу көркөм фильми үчүн Гран-При сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп, 2009-жылы Москвада өткөн эл аралык детективдик фильмдердин фестивалында "Каражолтой" телесериалы үчүн атайын сыйлык жана диплом менен сыйланган. 1999-жылы "Апамдын махабаты" деген ат менен ырлар жана драмалар жыйнагы жарык көрүп, ал жыйнак үчүн Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгына татыктуу болгон. 2000-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгы, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан