10- Март 1969 -жылы VI чакырылыштагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, жазуучу, продюсер, кинорежиссёр, сценарист Садык Шер-Нияз туулган
VI чакырылыштагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, жазуучу, продюсер, кинорежиссёр, сценарист Садык Шер-Нияз Талас областындагы Чоң-Капка айлында туулган. Ал 1983-1987-жылдары Фрунзедеги машина куруу техникумунда техник-технолог адистиги боюнча, 1994-2000-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетиндеги укук факультетинде юрист-укук таануучу адистиги, ал эми 2007-2009-жылдары Москвадагы Сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курсунда (Владимир Хотиненко, Павел Финн, Владимир Фенченконун өнөрканасында) окуган.
Садык Шер-Нияз 1996-1998-жылдары "Ачекей" ишканасынын директору, 1994-1996-жылдары "Шер" ишканасында юрист-консультант болуп иштеген.
Кийин 1998-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам Чыгаруу Палатасынын депутатынын жардамчысы, 2004-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары болуп дайындалган (кызматтан өз каалоосу менен кеткен).
2005-жылы болсо Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий абалды турукташтыруу боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, 2006-жылы Конституциялык кенештин мүчөсү болуп эмгектенген. Ал эми 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри, ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Консультативдик кеңешинин мүчөсү, о.э. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин астындагы Консультативдик кенештин мүчөсү болгон. 2012-2013-жылдары "Замандаш-Современник" саясий партиясынын тең төрагасы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында “Ата Мекен” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Садык Шер-Нияз 2001-жылы "Айтыш" коомдук фондун, 2004-жылы "Калемгер" адабий клубун, 2006- жылы "Айтыш Фильм" киностудиясын, 2011- жылы "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аттуу фестивалын, 2015-жылы Эл аралык Азия өлкөлөрүнүн "Asian Word Film Festival" кинофестивалын негиздеген.
"Кыргызстан маданияты" газетинин редколегиясында, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзуна, Кыргыз Республикасынын маданий ишмерлердин ассамблеясына мүчө.
Садык Шер-Нияз режиссёр, сценарист, кыргыз фильмдеринин жана Кыргызстан-Орусия биргелешип тарткан фильмдеринин продюсери. Ошондой эле "Актаңдайлар" китебинин авторлошу.
Тарткан тасмалары "Курманжан Датка" (тарыхий көркөм тасма, 2014), "Аян" (көркөм фильм, 2009), "Форс Мажор" (көркөм тасма, 2009), "Чынгыз өлбөс болсочу" (документалдуу фильм, 2008), "Биринчи кадр" (көркөм тасма, 2007).
Ал эми Садык Шер-Нияздын алган сыйлыктары:
- 2015-ж. – "Даңк" медалынын ээси;
- 2011-ж. – Маданиятка Эмгек Сиңирген ишмери;
- 2006-ж. – Президенттин Ардак Грамотасы;
- 2006-ж.– Мамлекеттик Кеңешчинин 3 классттагы ченине ээ;
- 2004-ж. – ЮНЕСКОнун генералдык директору Коитиро Мацууронун маданиятка кошкон салымга өзгөчө алкышы жарыялаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан