Орусиялык актёр, музыкант, алпаруучу, шоумен Дмитрий Нагиев Ленинградда туулган. Бала кезинен Дмитрий спортко жакын болуп, самбо менен машыккан. 1980-жылдары жаштар арасында СССРдин чемпиону деп табылган. 1991-жылы Ленинграддагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Кийин Германиядагы Франкфурт-на-Майне шаарындагы "Время" театрында иштеп, андан соң "Радио-Модернде" алпаруучу болуп эмгектенген. Дал ошол убакта 4 жолу мыкты алпаруучу деп табылган.