Акын, сатирик Жапаркул Алыбаев Чүй районундагы Бириккен айылында туулган. 1947-жылы айылдык мектептин 7-классын бүтүргөндөн кийин, 1947-1950-жылдары Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуган. Окуусун аяктаган соң 1951-жылга чейин мугалимдик кесипте иштеген. Ал эми 1951-1956-жылдары Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, филология факультетин ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.