17- Октябрь 1888 -жылы
Украинанын Харьков шаарынын жанында орус императору Александр III үй-бүлөсү менен келе жаткан поезд жолдон чыгып кетип, аңтарылып калган
1888-жылы 17-октябрда Крымдан Санкт-Петербургга бара жаткан поезд Харьков шаарына жакын жерде кырсыкка кабылып, 21 адам каза болгон. Поезддин ичинде 68 адам болгон. Алардын арасында орус императору Александр III жана анын үй-бүлөсү бар болчу. Бактыга жараша император жана анын үй-бүлөсү аман калышкан. Кырсыктын келип чыгышына эки версия айтылып келет. Бири техникалык фактор: темир жолдун начар абалы жана ылдамдыктын жогору болушу себеп болсо, экинчиси ашпозчунун жардамчысы калтырып кеткен бомба жарылып, кырсыктын келип чыгышына себеп болгон.