15- Октябрь 1960 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык менен бүтүргөн. Ал эми 1985-1988-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, “филология илимдеринин кандидаты” илимий даражасына ээ болгон. Андан соң 2004-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1983-жылы баштап, 1985-жылга чейин “Кыргызстан” басмасынын саясий адабият редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген.
1989-1992-жылдары – КМУУнун Кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинде окутуучу, улук окутуучу, декандын орун басары,
1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү,
1994-2010-жылдары – жеке ишкер,
1995-1997-жылдары – Түркиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу ТИКАда Кыргыз мамлекети боюнча адис, “Манас-1000” мамлекеттик комитетине караштуу “Манас дастаны” филиалынын директору, “Азаттык” радиосунун Түркия боюнча кабарчысы,
1997-2010-жылдары – “Акун” ЖАКынын башкы директору, ошондой эле “Бишкек ун комбинаты” ААКсынын Директорлор кеңешинин төрагасы, “Кереге” АКсынын Директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Ишкерлер бирлигинин президенти,
ДЕИК кыргыз-түрк ишкердик кеңешинин тең төрагасы болгон.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү. Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын лидери.
2015-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2016-2017-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан