16- Октябрь 1970 -жылы "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков төрөлгөн
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерциялык, андан кийин юридика факультетин аяктаган.
1995-жылдын декабрь айынан июнь айына чейин - Мамлекеттик салык инспекциясынын Октябрь районунда инспектор,
1995-2003-жылдары – Мамлекеттик салык инспекциясынын Биринчи май району боюнча инспектору, сектор башчысы,
2003-2006-жылдары – Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин району боюнча начальниги,
2006-2008-жылдары – Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов району боюнча бөлүмүнүн начальниги,
2008-2009-жылдары –  Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору.
2009-2010-жылдары –Экономиканы жөнгө салуу министрлигине караштуу Этил спирти менен алкоголь продукцияны чыгарууну жана өндүрүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген.
Ал эми 2010-жылдын октябрында "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда аталган фракциянын лидери.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан