19- Октябрь 1966 -жылы
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева туулган
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1989-жылы Ташкенттеги Текстиль жана жеңил өнөр жай институтун “трикотаж өндүрүшүнүн инженер-технологу” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун орто мектепти аяктагандан кийин “1-Май” атындагы фабриканын тигүүчү-мотористтигинен баштаган. ЖОЖду аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы СССРдин 60 жылдыгы атындагы Трикотаж фабрикасынын №3-филиалынын сокмо цехинин технологу болуп иштеген. 1991-жылдан тартып фабриканын башкы өндүрүшүнүн стандартташтыруу боюнча инженери, 1992-жылы Кыргыз-Кытай бирикмесинин сокмо цехинин башчылыгына дайындалган.
2002-жылдан тартып “Карек” коомдук бирикмесинин директору болгон.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн Идеологиялык иш жана коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин мүчөсү.