Орусиялык жеке жана коомдук-саясий ишмер, 2004-жылдагы Орусиянын эң бай адамы Михаил Ходорковский Москвада төрөлгөн. Ходорковский 1986-жылы Москвадагы Менделеев атындагы технологиялык институтту, андан соң 1988-жылы Плеханов атындагы эл чарба институтун бүткөн. 1987-жылы ал жаштардын илимий-техникалык борборун түзүп, компьютер сата баштаган жана кийин ал борборду МЕНАТЕП деп атап, анын алдында банк да ачкан.