20- Октябрь 1972 -жылы
Советтик жана орусиялык футболчу Дмитрий Аленичев туулган
Советтик жана орусиялык футболчу, Орусиянын жаштар курама командасынын машыктыруучусу Дмитрий Аленичев Орусиянын Псков областына караштуу Мелиоратор кыштагында туулган.
Футболчу катары карьерасын кичи мекенинде баштап кийин "Локомотивге" кошулган. Анда үч сезон ойногон соң "Спартакка" өткөн. Ал эми 1998-жылы "Спартактан" италиялык "Рома" клубуна кирип, андан соң португалиялык "Портуда" ойногон. Ал эми машыктыруучу катары карьерасын 2010-жылдары Орусиянын өспүрүмдөр курама командасында баштаган.