Орусиялык куудул, шоумен, актёр, сценарист, продюсер, КВНчи Михаил Галустян Сочиде туулган. Ал мектепти аяктаган соң медучилищеге тапшырып, ошол убактан тартып "Утомлённые солнцем" командасы менен КВНге катыша баштаган. Училищени "фельдшер-акушер" адистиги боюнча бүтүрүп, Сочи мамлекеттик университетине тапшырган. Ал эми 2002-жылы "Утомлённые солнцем" командасынын капитаны болуп, 2003-жылы сезондун чемпиону болгон. Андан соң анын командасы үч ирет Жайкы кубокту жеңип алган (2004, 2005, 2009). Андан соң ар кандай көңүл ачуучу программаларды алып барып, тасмаларга тартылып, атактуулугун арттырган.