26- Октябрь 1952 -жылы
Америкалык актриса Хэтти Макдэниел көз жумган
Америкалык актриса Хэтти Макдэниел 57 жашында рак оорусунан улам көз жумган.
Хэтти Макдэниел 1895-жылы 10-июнда АКШнын Канзас штатындагы Уичито шаарында туулган. 1932-жылы ал "Золотой Запад" тасмасында алгачкы жолу эпизоддук болсо да роль жаратып, дебют жасаган. Ошондон кийин актриса көптөгөн тасмаларда кичинекей ролдорду жаратып, бирок тасмалардын титрларында анын аты-жөнү жазылчу эмес. Ал эми 1934-жылы "Судья Прист" тасмасына тартылып, актрисанын аты-жөнү киного тартылган артистердин катарында алгачкы жолу жазылган. Ошондон кийин "Плавучий театр" (1936), "Саратога" (1937), "Чистосердечное признание" (1937) фильмдеринде олуттуу ролдорду жараткан. Ал эми 1939-жылы тартылган "Унесённых ветром" тасмасындагы ролу үчүн 1940-жылы актриса "Оскар" сыйлыгына ээ болуп, ал сыйлыкты алган алгачкы кара терилүү айым болуп тарыхта калган. Андан соң Хэтти Макдэниел "В этом наша жизнь" (1942), "Благодари судьбу" (1943), "С тех пор как вы ушли" (1944) ж.б. тасмаларында кайталангыс ролдорду жаратып, атактуулуган арттырган.