Советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эл артисти Николай Караченцов Москвада төрөлгөн. Ата-энеси искусство адамдарынан болгон. Атасы Пётр Караченцов (1907-1998), кесиби - художник-график, бир топ жыл "Огонёк" журналында иштеген. Апасы Янина Брунак (1913-1998), балетмейстр-коюучу болгон.
Николай театр дүйнөсү менен бала кезинен таанышкан. Онунчу классты аяктап, Москвадагы ЖОЖдун бирине тапшыруу гана калганда, Борбордук балдар театрынын (ББТ) алдында түзүлгөн "Актив" группасына кирген. Николай Караченцов эң алгачкы ролун "Фигаро" спектаклинде ойногон.
Николай профессионал актёр болууну чечип, 1963-жылы МХАТтын алдындагы мектеп-студияга өткөн. Ал Пановдун "Метелица" спектаклиндеги Дахнонун образы үчүн "эркектин мыкты ролу үчүн" сыйлыгын алган. Дипломдук иши - "Иван Васильевичтеги" Милославскийдин ролу да эң мыкты баага татып, Николай Караченцов мектеп-студияны артыкчылык менен бүтүргөн.
Николай Караченцов ар кыл жанрда: драмада, мюзиклде, комедияда, рок-операда ондогон ролдорду ойногон. Театр сахнасында жаралган психологиялык татаал мүнөздөр экранда да жогорку чеберчилик менен ачылып берген. "Старший сын", "Белые росы", "Собака на сене", "Трест, который лопнул", "Приключения Электроника", "Человек с улицы Капуцинова" тасмалары, "Досье детектива Дубровского" сериалдарында мыкты ролдорду жараткан. Чет жактын кинолордогу француз актёру Жан Поль Бельмондо сыяктуу көпчүлүк каармандар анын үнү менен сүйлөшкөн. Николай Караченцов ошондой эле бир катар мультфильмдерде да жомок каармандарын сүйлөткөн. Маселен, "Ловушка для Бамбра", "Пес в сапогах" ... Ага катар мультфильмдердеги, тасмалардын айрымдарында бир топ ырлар анын аткаруусунда жаңырат. 1996-жылы анын аткаруусундагы ырлар жыйналган "Сны и были Николая Караченцова" аталыштагы компакт-диск жарык көргөн.
Николай Караченцов 2005-жылы 28-февралда автокырсыкка кабалып, оор жаракат калган. Ошондон тартып чыгармачылыктан алыстап кеткен.