22- Октябрь 1965 -жылы V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Иманалиева туулган
V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Иманалиева Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1988-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) окутуучу болуп баштаган. 1990-жылдан 1993-жылга чейин - КМУнун аспиранты,
1993-жылдан 1999-жылга чейин - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы,
1997-жылдан 1999-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Социалдык маселелер боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти,
2001-жылдан 2003-жылга чейин - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук билим берүү борборунун директору,
1999-жылдан 2001-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамкомиссиянын бөлүм башчысы,
2003-жылдан 2005-жылга чейин - Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май райадминистрациясынын башчысынын орун басары,
2005-жылы - Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райадминистрациясынын башчысынын орун басары,
2005-жылдан 2008-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин орун басары,
2008-жылдын сентябрынан ноябрына чейин - Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги,
2008-жылдан 2010-жылга чейин - Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри,
2010-2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Ал эми 2010-жылдын октябрында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан