27- Октябрь 1990 -жылы Аскар Акаев Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланган
Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин бул күнкү сессиясында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо өткөрүлгөн.
Президенттик бийликтин компартия жетекчиси Абсамат Масалиевге тапшырылышына каршы республиканын саясий элитасында буга чейин жүргүзгөн камылгасы өз натыйжасын берип, биринчи альтернативдик шайлоодо жогорку бийликке көрсөтүлгөн талапкерлердин бири да жетиштүү добуш алган эмес.
Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынына 12 адамдын талапкерлиги көрсөтүлүп, депутаттардын көпчүлүгү өлкө президенттигине Аскар Акаевдин талапкерлигин жактырышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан