Австриялык "Swarovski" хрусталь империясынын негиздөөчүсү Даниэль Сваровски Австро-Венгер империясынын аймагындагы богем айнегинин мекени болгон Богемия тоосунун түндүгүндөгү Георгиенталь кыштагында төрөлгөн. Ал 1895-жылы дүйнөгө атагы тараган "Swarovski" хрусталь империясын негиздеген. Даниэль Сваровски 1956-жылы 23-январда 93 жашында дүйнө салган.