
Франциялык модельер Кристиан Диор 52 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон.
“Моданын атасы” деп сыймыктуу аталган сүрөтчү, дизайнер, модельер Кристиан Диор 1905-жылдын 21-январында Франциянын түндүк-батышында жайгашкан чакан Гранвиль шаарчасында туулган. 6 жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Парижге көчүп келген соң үйдөгүлөрүнүн кеңеши боюнча дипломатикалык карьераны көздөп жүргөн. Бирок, эркин саясат мектебине тапшыргандан кийин эл аралык мамилелер жана саясат ал үчүн жаралган эмес экенин түшүнөт да, музыка, сүрөт дүйнөсүнө тартылып, дээрлик бардык убактысын музейлерде жана галереяларда өткөрүүнү адат кылып алган. Анын сүрөткө, айрыкча баш кийимдердин, көйнөктөрдүн сүрөтүн мыкты тартууга шыктуу экени билинет. Кристиан 1928-жылы жакын досу Жан Бонжак менен чогуу сүрөт галереясын ачкан. Бирок, 1931-жыл Диорлордун апасы рак оорусуна чалдыгып, каза тапкан. Атасы болсо жок жерден уурулардын талап-тоноосуна кабылып, болгон байлыгынан ажырап калган. Эптеп жан багуунун амалын издеп, Кристиан өз колу менен тартылган кийим эскиздерин белгилүү журналдарга сатууну чечкен. Бара-бара анын сүрөттөрүнө болгон суроо-талап өсүп, алгачкы киреше түшө баштаган. 1938-жылы башталган согуш Диордун жанданып келаткан карьерасына тоскоол болот: аны Франциянын түштүгүнө аскерге алып кетишкен. 1941-жылы аман-эсен кайткан Кристианды атактуу “Lucien Lelong” моделдик үйүндө жакшы кызмат күтүп турган. 1942-жылы Диор атыр чыгаруучу лаборатория ачып, аны “Christian Dior Perfume” деп атаган. Бул лабораториядан 10дон ашык түрдөгү экзотикалык атыр суулары жасалган. Арадан 4 жыл өткөндөн кийин эле Кристиан жеке мода үйүн иштетип баштаган да, 1947-жылы “Жаңы келбет” деген алгачкы коллекциясын тартуулаган. Согуш учурунда “оройлукка” учураган аял кийимдерин кайрадан назик, жеңил жана ачык түстүү кылып даярдаган. Биринчилерден болуп лицензиялык иш кагаздарды колдонуп, өзүнүн “Dior” белгисин бардык кийимдерине коюп чыккан. 1 эле жылдын ичинде анын коллекциясын бүткүл Европа менен Америка кийип жүргөн.
Диордун ишин улантуучу көптөгөн шакирттери болгон. Анын үйү бүгүнкү күндө эң чоң музейлердин бири. 1996-жылдан бери “Christian Dior” мода үйүнүн башкы модельери болуп Жон Галлиано дайындалат. Диорчулардын саны азыркы кезде 60 миң адамга жетет. Ал эми жылдык кирешеси 595 миллион еврону түзгөн мода үйүнүн өзүндө 3,5 миң киши эмгектенет.