
Дубровкадагы театралдык борбордо “Норд-Ост” мюзикли жүрүп, аны көрүүгө миңге жакын киши келген. Бир нече саамдан кийин чечен жикчили Мовсар Бараев башында турган куралдуу топ театрга кирип, аларды барымтага алган. Бир сааттай убакыттан кийин өлкөнүн күч түзүмдөрү Дубровкага чогулуп, барымтачылар менен сүйлөшүү аракеттери көрүлө баштаган. Жикчилдер Чеченстандан бүт орус аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышкан. Эртеси “Аль-Жазира” телеканалы ошол жикчилдер орус бийликтерине ушул эле талап менен чыгышкан видеотасманы көрсөткөн. Бир нече адам, алардын арасында белгилүү саясатчылар, маданият ишмерлери барымтачылар менен сүйлөшүүгө барууга, барымтадагы күнөөсүз адамдарды коргоп калууга аракет кыла башташкан. Бирок барымтачылар саясатчылар Ирина Хакамада, Иосиф Кобзон, журналист Анна Политковскаянын келишин талап кылышкан. Дал ошол кишилер залдагыларга суу алып кирип, барымтадагы бир топ кишини бошотуп калууга үлгүрүшкөн.
Президент В.Путин 25-октябрь күнү Кремлде өлкөнүн күч структуралары, Ички иштер министрлигинин, Коопсуздук кызматынын (ФСБнын) жетекчилери менен жыйналыш өткөрүп, жыйынтыгында Николай Патрушев, ФСБнын жетекчиси "эгер барымтачылар күнөөсүз адамдарды бошотушса, алардын өмүрү сакталып калат" деген билдирүү жасаган.
Сүйлөшүүлөр бир өтүп, бир токтоп, арадан үч күн өтүп, окуя 26-октябрь күнү таң эртелеп күчөп кеткен. Анда коопсуздук күчтөрү театрга тымызын газ жиберишкен. Бир топ жардыруулар болуп, октор атылган. Таңкы саат 6:30дун тегерегинде бийлик өкүлдөрү театрды толугу менен өкмөттүк аскерлер көзөмөлгө алышканын жарыялап, Мовсар Бараев менен кошо бүт жикчилдер (18 аял, 32 эркек) жок кылынганын айтышкан.
“Норд-Ост” трагедиясы деген ат менен белгилүү болуп калган ошол окуяда 130 адам мерт болсо, алардын ичинде 10 жаш бала бар болгон. Расмий түрдө "алардын өлүмүнө террористтер күнөөлүү" деген тыянак чыгарылган. Бирок набыт болгондордун туугандары "барымтадагылардын көпчүлүгү газдан өлгөн" деп нааразы болушкан.