25- Октябрь 1955 -жылы Хиросимага түшкөн атом бомбасынан жабыркаган япон кызы Садако Сасаки каза болгон
1945-жылдын 6-августунда АКШнын куралдуу күчтөрү Экинчи дүйнөлүк согушта Япониянын Хиросима жана Нагосаки шаарларына атомдук бомба таштаган. Эки шаардын 170 миңдей тургуну өзөктүк куралдын айынан каза болгон. 
Садако Хиросимада атомдук бомба жарылганда 2 жашта эле. Апасы экөө жашаган үй жарылуунун эпицентринен 2 чакырым алыстыкта болсо да аман калганы ушул күнгө чейин таң калычтуу. Бирок Садаконун өмүрү узак болгон эмес. 10 жашында нурдануунун азабынан ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Япондордо илгертеден келе жаткан ишеним бар. Эгер адам кагаздан миң даана турна жасап, аны адамдарга тартууласа, каалаган тилеги орундалат. Мына ушул окуяны ооруканада дарыгерлер Садакого айтып бергенден улам, Садако колуна тийген кагаздан турналарды жасай баштайт. Япон кызы 644 гана турна жасаганга үлгүрүп, 11 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Анын достору Садаконун бүтпөй калган ишин бүтүрүп, кагаздан жасалган миң турнаны кыздын денеси менен кошо жерге беришкен. Анын турналарды жасап жаткандагы кыялы эмне болгондугун эч ким билбейт, бирок ошол күндөн баштап кагаздан жасалган миң турна тынчтыктын жана үмүттүн символуна айланган.
Кийин Хиросима шаарында Садако Сасакинин урматына эки эстелик орнотулган. Ушул күнгө чейин ар кайсы өлкөдөн келген туристтер түстүү кагаздан турна жасап, эстеликтин алдына таштап кетишет. Ал эми ар жыл сайын 6-август күнү Садако Сасакини эскерүү үчүн көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кагаздан миң турна жасалып, Хиросима шаарына жөнөтүлүп турат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан