26- Октябрь 1440 -жылы Балдарды массалык өлтүрүүгө жана сыйкырчылыкка айыпталган француз маршалы Жиль де Рэ өлүм жазасына тартылган
Балдарды массалык өлтүрүүгө жана сыйкырчылыкка айыпталган француз маршалы Жиль де Рэ өлүм жазасына тартылган. 
Келечектеги француз маршалы жана Жанна д'Арктын жакын досу Жиль де Монморанси-Лаваль, барон де Рэ, граф де Бриен, синьор д'Ингран де Шамптос 1404-жылы Бретани жана Анжу чек арасында жайгашкан Машкуль сепилинде жарык дүйнөгө келген. Ал бай жана сыйлуу үй-бүлөдөн болгон. Жиль де Рэ иниси Рене менен (ата-энесинин өлүмүнөн кийин) 11 жашынан тартып чо ң атасы Жан де Кроандын колунда тарбияланган. Он алты жашында Катрин де Туар аттуу айымга баш кошуу менен бирге чоң жер тилкелерге, сепилдерге жана эки миллион ливрга ээ болгон. Дал ошол байлыгы тагдырында чоң ролду ойногонун француз окумуштуулары айтып келишет. Жиль де Рэ Англия менен Франциянын ортосундагы согушта албетте, француз “Коронасы” тарабында болгон. Ал эр жүрөк жоокер жана куралды мыкты колдоно билген. Өзүнүн эсебине куралдуу отряд түзүп, 1427-1429-жылдар аралыгында англичандар басып алган бир топ француз сепилдерин жана жерлерди бошоткон. Жыйырма беш жашында Франциянын маршалы аталган. 1440-жылы бир топ кылмышта айыптуу деп табышкан, Жиль де Рэ айыптардын барын четке кагып келип бирок соттун буйругу менен кыйноого алынганда кылмыштарын моюнга алып, жети жыл аралыгында 800 жаш өспүрүмдүн (кыздар жана эркек балдар) жанын алганын айткан. Ошол эле жылдын 26-октябрь күнү жан сакчылары Анри Гриар жана Этьен Корийолор менен бирге өлүм жазасына тартылган. 
Бир топ жылдар өтүп, 1992-жылы француз окумуштуулары тарыхий архивдерди карап, изилдөө жүргүзүшүп, Франция Республикасынын сенатында саясатчылар, тарыхчы-эксперттердин катышуусу алдында Жиль де Рэнин күнөөлү эмес экендигин тастыктап чыгышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан