30- Октябрь 1968 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн.
1986-жылы Кыргыз айыл чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы зооинженер адистигин алып чыккан.
Эмгек жолун 1985-жылы Өзгөн районундагы "Тамеки" чарбасында каттоочу техник болуп иштөө менен баштаган.
1986-1996-жылдары – Кыргыз айыл чарба институтунда студент, аспирант, ассистент,
1996-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар ассоциациясынын башкы адиси,
1998-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктардын Конгрессинин аппаратынын жетекчиси,
1998-1999-жылдары – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана агрардык саясат боюнча бөлүм башчынын орун басары,
1999-2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясында мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн агрардык саясат сектор жаатында эксперти,
2000-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясында мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, инспектору,
2006-жылдын сентябрь айынан 2006-жылдын октябрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясында мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин мүчөсү,
2007-жылдын 13-ноябрынан 27 ноябрына чейин – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясында мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы,
2007-2009-жылдары – Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы,
2009-2010-жылдары – вице-премьер-министр – өкмөттүн аппарат жетекчиси,
2011-жылдын июль айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси,
2011-жылдын 7-декабрынан 23-декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын кадр иштери, мамлекеттик жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы,
2011-жылдын 23-декабрынан баштап Кыргыз Республикасы биринчи вице-премьер-министри,
2012-жылдын 1-сентябрынан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу,
ал эми 2012-жылдын 10-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалып, 2015-жылдын май айына чейин ал кызматта иштеген.
2015-жылдын 5-ноябрынан 2016-жылдын апрелине чейин Кыргыз Ремпубликасынын биринчи вице-премьер-министри болгон. 
2016-жылдын 14-апрелинде президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
2017-жылы 30-январда КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан