5- Апрель 1987 -жылы Ырчы Зарина Хасанова төрөлгөн
Эстрада ырчысы Зарина Хасанова төрөлгөн. Ырчы, телеалпаруучу Зарина Хасанова 2009-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык журналистика факультетин кызыл диплом менен аяктап, мындай жетишкендиктердин ээси болгон Заринага окуткан мугалимдери окуу жайда иштеп калуу сунушун айтышкан. Мугалим болууну жактырса да, ырчы кыз телеалпаруучулукту тандап, жаштарга арналган берүүлөрдү алып барган. Андан соң дагы бир кесипке ээ болууну самап, Кыргыз-Орус Славян университетиндеги экономика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырган. Өзүн актриса катары да сынап, "Ашыктыктын асманы" тасмасына тартылып, "Ералаштын" кыргызча бөлүгүндө мугалим Луиза Альбертовнанын ролун жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан