31- Октябрь 2011 -жылы
БУУ жер жүзүндөгү адамдардын саны 7 миллиардга жеткенин жарыялаган
БУУ жер жүзүндөгү адамдардын саны 7 миллиардга жеткенин жарыялаган. БУУнун маалыматы боюнча, Жердин 7-миллиардынчы жашоочусу филиппиндик Даница Мей Камачо аттуу кыз болгон. Уюмдун кызматкерлери төрөт үйүнө торт менен барып, Даницанын ата-энесин жана ымыркайды куттукташып, уюмдун өкүлдөрү бактылуу ымыркайга келечекте ЖОЖдо билим алышы үчүн атайын стипендия жана грант тапшырышкан.