XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын Калыгул Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн Карай-Ой деген жеринде Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Атасынан калган оокатка ээ болуп, ал өмүрү өткүчө эч нерседен кор болгон эмес. Калыгулдун чоң атасы, чоң энеси, алардын бир туугандары жөнүндө маалымат жок. Бирок акындын өзүнөн тараган укум-тукуму бар.
Калыгул өткөн доордо бизге белгилүү кыргыз сөз устаттарынын бири. Акын айткандарын жалпы жонунан "Акыр заман" деп атаган.
Калыгул эр жеткен кезинен эле элге тамсилчи, акын катары тааныла баштайт. Ал көпчүлүк акындардай комуз күүлөп, үн кошуп ырдабастан, алдына келген адамдарга макалдатып айтып берген. Ал төрөлүктүн каадасын сактап, эл жыйналган жерде ырдачу эмес.
Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да, санат, насыят, терме, адамдын жүрүш-турушун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын. Албетте, Калыгул өз заманынын адамы катары, феодалдык турмуштун идеологу катары анын салт-санаасын, үрп-адатын, психологиясын жактап, мактоодон сырткары кала алган эмес. Эгер коом ага болгон элдин мамилеси улам өзгөрүлө баштаса, анда замана Калыгул үчүн таптакыр бузулчудай сезилчү. Тоголок Молдо, Сагынбай, Шапак, Ыбырай, Абдыкалык өңдүү көрүнүктүү карыя акын, өнөрпоздордун айтымына караганда Калыгул кыраакы, көрөгөч, даанышман катары таанылган адам.
Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Акын өлөөрүнөн бир күн мурун алыска жол тартып баратып, Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, "менин сөөгүмдү ушул жерге койгула", - деген керээзин айткан экен. Ошонун эртеси Байсоорунда жол үстүндө каза табат. Керээз боюнча сөөк Кара-Ойго коюлган.