V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан кыштагында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “кыргыз тили жана адабияты мугалими” адистиги боюнча бүтүргөн, 1989-1994-жылдары өндүрүштө иштөө менен, Омск жогорку милиция мектебин (Орусия) юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн.
1978-жылы комсомол уюму тарабынан ички иштер органдарына иштөөгө жөнөтүлгөн.
1978-1983-жылдары Кыргыз ССР ИИМинде инспектор, улук инспектор болуп иштеген.
1983-1988-жылдары – Фрунзе шаарындагы Биринчи Май РИИБинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн оперативдүү кызматкери, улук оперативдүү кызматкери;
1988-1989-жылдары – Фрунзе шаарындагы Биринчи Май РИИБинде ШМБ башчысы;
1989-1990-жылдары – Фрунзе шаарындагы Биринчи Май РИИБинде кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы;
1990-1992-жылдары – ИИМдин Өзгөчө маанилүү иштер башкармалыгында улук оперативдүү кызматкер;
1992-1994-жылдары – ИИМдин Кылмышкерлерди издөө башкармалыгында бөлүм башчынын орун басары, бөлүмдүн башчысы;
1994-1995-жылдары – ИИМдин Кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары;
1995-1999-жылдары – Чүй облусундагы Сокулук РИИБинин жетекчиси;
1999-2000-жылдары – Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин жетекчиси;
2001-2003-жылдары – Чүй облусунун ИИБинде кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы;
2003-2004-жылдары – Кыргыз Республикасынын ИИМинин Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгында бөлүмдүн башчысы;
2004-2005-жылдары – Ош облусундагы Ноокат РИИБинин жетекчиси;
2005-2006-жылдары – Чүй облусунун Токмок ШИИБинин жетекчиси;
2006-жылы жаш курагы жеткендигине байланыштуу ички иштер органдарынан бошотулган.
2010-жылы Бишкек шаардык ИИББ башчысы, андан соң Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы жана Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болгон. Андан кийин Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү.
2011-жылы Даңк медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберлигине талапкер.