4- Ноябрь 1995 -жылы Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин еврей экстремисттери тарабынан өлтүрүлгөн
Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин Тель-Авив шаарында еврей экстремисттери тарабынан 73 жашында өлтүрүлгөн. 1995-жылы 4-ноябрда Израилдин Падышалар аянтында өткөн миңдеген адамдар катышкан митингде И.Рабин сөз сүйлөп, унаасынын жанына келген учурда ага үч жолу ок атылган. Окуя болгондон 40 мүнөт өткөн соң ал “Ихилов” ооруканасында каза болгон. Аны И.Рабиндин саясатына нааразы болгон диний жана саясий экстремист Игаль Амир өлтүргөндүгү белгилүү болгон. Кылмышкер бул аракетин Израилди Ослодогу макулдашуулардан коргогондугу менен түшүндүргөн. 1996-жылы, 27-мартта сот Игаль Амирди өмүр бою эркинен ажыраткан. Анын сөөгү Иерусалимдеги Герцля тоосунда жерге берилген. И.Рабинди акыркы сапарга узатууга АКШнын ошол учурдагы президенти Билл Клинтон, Египеттин президенти Хосни Мубарак, Иорданиянын королу Хусейн баштаган бир нече мамлекет башчылары келген. Уулу Юваль Рабин атасынын өлмүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айткан 1000ден ашык кат алган.
И.Рабин 1922-жылы, 1-мартта Иерусалимде туулган. 1940-жылы “Кадури” деп аталган айыл чарба мектебин аяктаган. 1941-жылы аскердик кызматын өтөп, 4 жылдан соң биринчи батальондун командиринин орун басары болуп дайындалган. 1956-жылы ал генерал-майор чинин алган. 1959-жылы Генералдык штабдын башчысынын орун басары кызматына отуруп, 1964-жылы башчылыкка келген. 1967-жылы Израилдин армиясы И.Рабиндин башчылыгында Египет, Сирия, Иорданиянын Куралдуу күчтөрүнүн алдында болгон 6 күндүк согушта жеңишке жетишкен. 1968-жылы И.Рабин аскердик карьерасын токтотуп, 5 жыл Израилдин АКШдагы элчиси болуп иштеген. 1973-жылы мекенине кайтып келип, Авода партиясынын мүчөсү аталган. Бир жылдан соң ал Эмгек министринин ордуна отуруп, ал эми 1974-жылы Израилдин премьер министрлик кызматына отурган. 1984-жылы И.Рабин Израилдин Коргоо министри болуп кызматка орношуп, 4 жыл иштеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан