3- Ноябрь 1900 -жылы Немис ишкери, "Adidas" компаниясынын негиздөөчүсү Адольф Дасслер туулган
Немис ишкери, "Adidas" компаниясынын негиздөөчүсү Адольф Дасслер туулган. Кесиби - өтүкчү болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин бут кийим чыгаруучу фабрикада иштеген атасынын жардамы менен спорттук бут кийимдерди чыгара баштаган. 1923-жылы чакан ишканасына улуу агасы Рудольфту жумушка алган. Ал эми 1924-жылы 1-июлда Рудольф жана Адольф расмий түрдө "Gebrüder Dassler" компаниясын негиздешкен. Бирок убакыттын өтүшү менен бир туугандардын мамилелери бузулуп, алар 1948-жылы компанияны тең экиге бөлүп алышкан. Адольф өзүнчө "Adidas" компаниясын негиздесе, Рудольф өзүнүн ишканасын "Puma" деп атаган.
1978-жылы 18-августта Адольф Дасслер инсульт болуп жыгылып, 6-сентябрда 77 жашында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан