3- Ноябрь 2005 -жылы
"Burda moden" журналынын негиздөөчүсү Энне Бурда каза болгон
"Burda moden" журналынын негиздөөчүсү Энне Бурда 96 жашында Германиянын Оффенбург шаарында каза болгон.
Энне Бурда 1949-жылы Burda журналын негиздеген. Анда экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки аялдардын кийинүү маданиятына басым жасалган. Ал эми "Burda Moden" журналы 1950-жылдан тартып басылып чыгарыла баштап, 1965-жылы анын тиражы 1 миллионго жеткен.
Учурда "Burda Moden" журналы "Burda Fashion" деп аталып, ондогон тилдерде жүздөгөн өлкөлөрдө басылып чыгарылат.