7- Ноябрь 2012 -жылы Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү
1917-жылы 24-октябрда (жаңыча 7-ноябрда) Орусия империясынын борбору Петроградда терең маанилүү тарыхый окуя болуп өткөн. Бул күнү Большевиктер партиясынын жетекчилигинде башталган куралдуу көтөрүлүш жеңиш менен аяктап, Убактылуу өкмөт кулатылып, анын ордуна Советтердин бийлиги орнотулган. Советтердин Бүткүл орусиялык 2-съезди В.И.Ленин башында турган жумушчу-дыйкандардын биринчи өкмөтүн - Эл Комиссарлар Советин шайлаган. Съездде эң маанилүү маселелер - тынчтык жана жерге болгон жеке менчикти жоюу жөнүндөгү декреттер кабыл алынган. Орусия элдеринин тарыхында биринчи жолу жер дыйкандарга, завод-фабрикалар, шахталар, темир жолдор жумушчуларга берилип, карапайым жумушчу-дыйкандардын өкүлдөрү мамлекетти башкарууга катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Орусия империясынын курамындагы улуттардын тең укуктуулугу жарыяланган.
1917-жылы ишке ашкан Улуу Октябрь революциясы эзилген элди таптык жана улуттук эзүүдөн куткарган. Кыргыз мамлекети 1917-1924-жылдары Түркстан АССРинин курамында туруп, 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара кыргыз (1925-жылдын майынан Кыргыз) автономиялуу облусу түзүлгөн. 1926-жылы февралда Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз АССРи, 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болуп түзүлгөн.
СССРде Улуу Октябрь революциясынын күнү 1918-жылдан тарта белгилене баштаган. Эгемен Кыргыз Республикасында 7-ноябрды Улуу Октябрь революциясынын күнү катары кайрадан белгилөө тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан