22- Ноябрь 1943 -жылы
Ливандын эгемендүүлүктү алган күнү
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин улуттар лигасынын мандаты боюнча Ливан Франциянын башкаруусуна өткөн. 1943-жылы Ливан парламенти Конституциядан өлкөнүн эгемендүүлүгүн чектей турган беренени алып салган. Буга ачууланган Франция бийлиги Ливандын президенти Бишара аль-Хурини жана премьер-министри Риада ас-Сольханы камакка алып, парламентти таратып, Конституциясын жокко чыгарган.
Жыйынтыгында эки тараптын кандуу кагылышуулары башталып, 1943-жылы 22-ноябрда Франция бийлиги Ливанды бошотуп берүүгө мажбур болгон. Ошол күндөн тартып 22-ноябрь - Ливандын эгемендүүлүк күнү, улуттук майрам болуп эсептелинип келет.