10- Ноябрь 1919 -жылы Советтик жана орусиялык курал жасоочу конструктор Михаил Калашников туулган

Советтик жана орусиялык курал жасоочу конструктор Михаил Калашников Орусиянын Алтай аймагынын Курья айылында туулган. Ал үй-бүлөдө 17-чи бала болгон.

М.Калашников жаштайынан техникага кызыгып, ар кандай механизмдердин иштөө тартиптерин өздөштүргөн. Мектепте окуп жүргөндө физика, геометрия жана адабият сабактарына кызыккан. 9-классты бүтүргөн соң туулган айылында, кийинчерээк Казакстандагы Түркстан-Сибирь темир жол станциясында иштеген.

1938-жылы Кызыл Армияга чакырылып, аскердик кызмат өтөөнү танкалык бөлүктөн баштаган.

М.Калашников аскерде жү­рүп танкалык окуу жайын аяктап, курал чыгаруучу заводдо эмгектене баштайт. Ошол жылдары Улуу Ата Мекендик согуш башталып, фронтко жөнөгөн. Согуштан оор жаракат алгандыктан, узак мезгилге чейин ооруканада дарыланып калат. Дарыланып жүрүп совет аскерлери коркоктугунан эмес, куралынын алсыздыгынан окко учуп, чегинип жатат деп намыстанып өзүнүн алгачкы куралын жасап чыккан. Бирок анын тапкычтыгын өзүм билемдикке шылтоолошуп кылмыш деп табышып, жазалоого өкүм чыгарышат. Анын ойлоп тапканы жөнөкөй нерсе эмес экенин кокустан байкап калган аскер чиновниги аны түрмөдөн сактап калган.
М.Калашников көптөгөн чыгаан куралчылардан сабак алып, өзүнүн алгачкы куралдарын иштеп чыгып, бирок колдоо таба албай көпкө кыйналат. Согуштан кийинки мезгилдерде армияга мыкты автомат талап кылынып, көптөгөн таланттуу ойлоп табуучулар куралдын үстүнөн иштей башташат. Жогорку чиндеги тажрыйбалуу куралчылардын арасынан улуу сержант, үйрөнчүк куралчы, 27 жаштагы М.Калашников жеңип чыккан. Ал ойлоп тапкан куралды саздын баткагына, ылай менен кумга ташташып, күндүн ысыгына куйкалашып оор сыноодон өткөрүшөт. Ага карабай автомат кынтыксыз иштеп кеткен. Ошентип 1949-жылы “АК-47” деген ат менен 7,62 миллиметр калибрдеги Калашников автоматы куралдар арсеналына кабыл алынган. М.Калашниковго бул эмгеги үчүн 1-даражадагы Сталин сыйлыгы ыйгарылган.
Легендарлуу курал конструктору М.Калашников 2013-жылы 23-декабрда 94 жаш курагында каза тапкан. Маалыматка ылайык, 17-ноябрда ал ашказандагы кан агуу диагнозу менен ооруканага жаткан. М.Калашниковдун музейи 2013-жылы өзүнүн айылында ачылган. Ал 6 китеп жазып, Орусиядагы ири илимий мекеме-уюмдардын мүчөсү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан