Орусиялык миллиардер Леонид Федун Киевде төрөлгөн. 1977-жылы Ростовдогу М.И.Неделин атындагы аскердик окуу жайды бүтүргөн. 1987-жылы "Когалымнефтегаз" компаниясында иштеп калып, 1992-жылы "Нефтьконсульт" аталышындагы өзүн жеке компаниясын ачкан. 1993-1994-жылдары "Лукойл-Консалтинг" компаниясынын генералдык директору болуп иштеп, 1995-жылдан тартып "Лукойл" ишканасынын вице-президенти болгон.