Кыргыз ССРнин КПсынын Пленумунда Апсамат Масалиев Кыргыз ССРнин КПсынын 1-катчылыгынан алынган.
Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Апсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.
Апсамат Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8-жылдык мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун артыкчылык дипому менен аяктайт.
1953-1956-жылдары Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институнун атайын орто билимдүү адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдачу үч жылдык бөлүмүндө окуйт. Институтту бүткөндөн кийинки алгачкы беш жылда "Кызыл-Кыя көмүр" башкармалыгынын "Комсомольская" кенинде участка начальнигинин жардамчысы, участканын начальниги, "Комсомольская" кенинин орун басар башкы инженери, "Кыргыз көмүр" трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.
1961-жылы Кыргызстан компартиясынын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инспектору болуп которулат.
1962-1964-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуйт. Андан соң Кыргызстан КП БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер советинин Партиялык-мамлекеттик контролдоо комитетинин өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн инспектору, Ош облустук элдик контрол комитетинин төрага орун басары болуп иштейт.
1966-жылы партиянын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, ал эми 1969-1971-жылдары партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, андан соң эки жылдай Кыргызстан КП Бксынын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары болгон.
Ал эми 1972-1974-жылдары Фрунзе шаардык аткомунун төрагасы, 1974-1979-жылдар Кыргызстан КП БКнын катчысы болуп, 1975-жылдын январынан 1985-жылдын июнь айларына чейин партиянын Ысык-Көл областык комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенет.
1985-жылы КПСС БКнын инспектору, 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болсо, 1990-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. Ал эми 1991-жылдын апрель-август айлары КПСС БКнын идеологиялык бөлүмүнүн кеңешчиси, 1993-1996-жылдар Тоо-кен иштериндеги коопсуздукту техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин мүдүрү болгон.
Апсамат Масалиев 1995-жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон.
Апсамат Масалиев КПСС БКнын мүчөсү (1986-1991), СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынан депутаты, СССРдин эл депутаты(1989-1991), СССР Жогорку Советинин мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине беш чакырылышына депутат шайланган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты, ал эми 2000-2004-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.
Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбодук аткаруу комитетитинин төарагасы, СКП-КПССтин аткаруу комитетинин кеңеш мүчөсү, СКП-КПСС кеңешинин төрага орун басары болгон.
Апсамат Масалиев Октябрь революциясы ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, КМШнын парламенттер аралык "Шериктештик" ордени, үчүнчү даражадагы "Манас" ордени жана медалдар менен сыйланган.