14- Ноябрь 1970 -жылы АКШда Douglas DC-9-31 учагы кулап, 75 адам курман болгон

АКШнын Хантингтон шаарына жакын жерде Douglas DC-9-31 учагы Три-Стейт аэропортуна жетпей кыйрап калган. Борттогу 75 кишинин (арасында Маршалл университетинин футбол командасынын 35 оюнчусу жана 5 машыктыруучусу да бар) баары каза болгон. Кырсык учкучтардын катасынан улам келип чыккан. Учактын ичиндеги Маршалл университетинин америкалык футбол боюнча спорттук командасы Чыгыш Каролина университетинин оюнчулары менен болгон беттештен кайтып келе жаткан. Учакта спортчулардан тышкары аларды колдогон күйөрмандары жана машыктыруучулары болгон.

Кырсыкта курман болгондордун урматына 1972-жылы 12-ноябрда Батыш Виргиниядагы Маршалл университетинде бийиктиги 4 метр, салмагы 3 тоннага жакын фонтан орнотулган. Жыл сайын 14-ноябрда фонтандагы суу өчүрүлүп, кайра жазында иштетилет. Ошондой эле каргашалуу кырсыктын курмандыктарына стадиондордо жана шаардык көрүстөндө эстеликтер салынган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан