15- Ноябрь 1978 -жылы Шри-Ланкада учак кырсыгы болуп, 183 адам көз жумган

DC-8 үлгүсүндөгү учак Сауд Арабиясынын Жидда шаарынан Индонезиянын Сурабая шаарына бара жатып, Шри-Ланканын Негомбо шаарындагы аэропортко конор алдында каучуктун плантациясын сүзүп, жарылып кеткен. Учактын ичинде Меккеге болгон ажылык сапарынан кайтып келе жаткан 249 индонезиялык жүргүнчү болгон. Ал эми экипаждын 13 мүчөсү исландиялыктар эле.

Кырсыктан улам 183 адам курман болуп, алардын сегизи экипаждын мүчөсү, 175и жүргүнчүлөр болгон. 32 адам жаракат алып, 47 киши жабыркаган эмес. Кырсык учактын экипажынын катасынан улам келип чыккандыгы айтылган. Экипаждын мүчөлөрү учактын жерге конуу ылдамдыгын адаттагыдан жогору кылып салган. Ошондой эле учак конор алдында шамалдын багыты күтүүсүз жерден өзгөрүп кеткен.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан