17- Ноябрь 1997 -жылы Египеттеги "Аль-Гаимаа аль-Ислами" террордук тобу 58 туристти жана 4 египеттикти өлтүрүшкөн
Таңга маал 58 адамдан турган туристтердин тобу жүргүнчүлөрдүн автобусу менен Хатшепсут ибадатканасына барышкан. Көп өтпөй аталган жерге Египеттеги "Аль-Гаимаа аль-Ислами" тобунун 6 террорчусу келип, храмдын оозун тосуп, полиция кызматкерин жана билет саткан 2 адамды атып салышкан. Андан соң 58 туристтин баарын атып же кескилеп өлтүрүшкөн. Террорчулар автоматтар жана бычактар менен куралданып, коопсуздук кызматкерлеринин формасын кийип жүрүшкөн. Алар окуя болгон жерден качып баратышып, жолдон бирөөсү укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бир нече күн өткөн соң калган террорчулардын жансыз денелери Египеттеги үңкүрлөрдүн биринен табылган. Окуяда 62 адам курман болуп, 26 адам жаракат алган. Көз жумгандардын көпчүлүгү Швейцария, Германия жана Улуу Британиядан келген туристтер экендиги аныкталган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан