18- Ноябрь 1987 -жылы
Лондон метрополитенин Кингс-Кросс станциясында өрт чыккан
1987-жылы 18-ноябрда Лондон метрополитенин Кингс-Кросс станциясында кечки саат 19:30дарда өрт чыгып, 30 кишинин өмүрүн алып кеткен. Өрткө жүргүнчүлөрдүн шалаакылыгы жана эскалатордун канааттандырарлык эмес абалы себеп болгон. Өрт Пикадилли линиясындагы эскалатордук тоннелде чыккан. Эскалатор эски стандарттар менен курулган жана баскычтары жыгачтан жасалгандыгы үчүн тез күйүп кеткен. Окуядан кийин Лондон метрополитенинин жана "Лондон аймактык транспорту" уюмунун башкармалыгы жумуштан кетирилген.Каза болгондордун арасында Колин Таунсли аттуу өрт өчүрүү кызматынын жумушчусу болгон.