15- Ноябрь 1630 -жылы Планеталардын кыймылы тууралуу законду ачкан немис астроному Иоганн Кеплер көз жумган

Немис математиги, астроном, механик, оптик жана астролог Иоганн Кеплер 1571-жылы, 27-декабрда туулган. Ал жаңы мезгилдин астрономиясын жаратуучулардын бири болуп эсептелет. Протестант мектебин бүткөндөн кийин Тюбинген академиясынын диний семинариясын (1591-1593) бүтүргөн. Австриянын Грац шаарындагы гимназияда математика мугалими болуп иштеген. 1596-жылы "Аалам сырлары" деген биринчи эмгегин жазган. Астроном Николай Коперниктин ишин улантуучу болгондуктан, чиркөө кызматкерлеринин куугунтугу аны Грац шаарынан кетүүгө аргасыз кылган. Ал Прагада "Виттелого толуктоо" (1604), "Диоптрика" (1611), "Жаңы астрономия" (1609) деген эмгектерин жарыялаган. Ошондой эле И.Кеплер планеталардын кыймыл законун ачкан. Анын биринчи эки закону "Жаңы астрономияда", 3-закону "Дүйнөнүн гармониясы" (1619) деген эмгегинде жазылган. Ал "Рудольф таблицасын" түзүп, ар кандай учур үчүн планетанын абалын аныктаган. Бул таблицанын негизинде эсептелген эфемериддер Чолпон планетасы Күн диски боюнча өтө тургандыгын (1631) алдын ала айтууга мүмкүндүк берген.

Иоганн Кеплер 1589-жылы Тюбинген академиясына кабыл алынып, математика, астрономия, грек жана еврей тилинен, риторика, поэзия, этика жана философиядан лекция уккан. Математика жана астрономиядан немис астроному, профессор Михаэль Мёстлин лекция окуган. Кеплердин жөндөмүн байкаган профессор бир нече студент менен бирге Коперниктин астрономиясынан жашыруун сабак берип жүргөн. 1593-жылы И.Кеплер магистрдик диссертациясын ийгиликтүү жактайт. М.Мёстлиндин сунушу менен профессордук даражага көрсөтүлүп, Граца шаарындагы гимназияга астрономиядан лекция окуп, "Космографиялык сырлар" аттуу китебин жазат. Бул китеп Тихо Брагенин көӊүлүн буруп, ал Прагага чакыртып алат. Кеплер планеталарды Жер сыяктуу тело деген божомолду айткан. Коперниктин идеяларын колдоп, Жер жана планеталар Күндү айланарына ишенген. Устаты Тихо Брагенин көп жылдык байкоолорунун жыйынтыгын кайра текшерип, планеталардын кыймылынын үч законун (1602, 1609, 1618- жылдары) ачкан. Эфемеридалар (Күн, Ай жана планеталардын координаталары) жадыбалын түзүп, тутулуулар теориясынын пайдубалын тургузган. Мындан тышкары, окуляры жана объективи иймек линзадан турган телескопту ойлоп тапкан. Иоганн Кеплер 1630-жылы 15-ноябрда 58 жашында Регенсберг шаарында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан