20- Ноябрь 1882 -жылы Литванын мамлекеттик ишмери Эрнестас Галванаускас туулган
Литванын мамлекеттик ишмери Эрнестас Галванаускас туулган. Эрнестас Галванаускас кесиби боюнча тоо инженери жана электроинженер болгон.
"Вильняус жинёс" (Вилендык кабарлар), "Летувос укининкас»" гезиттери менен кызматташкан. Илимий эмгектердин автору. 1913-жылы Сербияда франциялык банктардын консорциумунда иштеген. 1919-жылы Парижде литвалык маалымат бюросун түзгөн. Литванын дыйкандар союзунун түзүүчүлөрүнүн бири. Демократиялык партиянын мүчөсү.
1919-жылдын 7-октябрынан 1920-жылдын 19-июнуна чейин министрлердин бешинчи кабинетинин министр-төрагасы жана каржы, соода жана өнөр жай министри болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан