20- Ноябрь 1998 -жылы Орусиялык саясий ишмер Галина Старовойтова өлтүрүлгөн
Орусиялык саясий ишмер, укук коргоочу, эл аралык мамилелерде специалист, тарыхый илимдердин кандидаты Галина Старовойтова үйүнүн жанында атылып өлтүрүлгөн. Жанында 27 жаштагы Руслан Линьковго дагы ок тийген, бирок тирүү калган. Руслан Линьков күбө болсо дагы, бул кылмышты аягына чыгарууну эч ким колго алган эмес. Кылмыш иши ачылбай калган. Галина Старовойтова 1946-жылы Челябинск шаарында төрөлгөн. 1971-жылы психология факультетин аяктаган. 1968-1971-жылдары "Красная заря" бейөкмөт уюмунда иштеген. 1977-1991-жылдары Илимдер академиясынын алдындагы эл аралык мамилелерди изилдөө борборунун улуу илимий кызматкери болгон. 1989-жылы Армениядан СССР элдик депутаттыгына талапкерлигин коюп, жеңип чыккан. 1990-жылы Орусиянын элдик депутаттарынын съездинин депутаты, 1991-жылдын 20-июлунан 1992-жылынын 4-ноябрына чейин Орусиянын элдик депуттарынын съездинин Президентинин кеңешчиси болгон. 1995-жылы Мамлекеттик думага өз кандидатурасын коюп, жеңишке жеткен.
1996-жылы Орусиянын Президенттигине Галина Старовойтованын талапкерлигин коюу сунушун БШКга шайлоочулар тобу жиберишкен. Бирок БШК каттаган эмес.
Галина Старовойтова көптөгөн мыйзамдарга толуктоолорду, түзөтүүлөрду киргизген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан