20- Ноябрь 2003 -жылы
Түркиянын Стамбул шаарында террордук акт катталган
Түркиянын Стамбул шаарында террордук акт катталган. Шаардын борбордук бөлүгүнүн 5 жеринде болгон жардыруудан 28 киши каза таап, 450 адам ар кандай жарааттарды алышкан.
Биринчи жардыруу британдык HSBC банкынын стамбулдук штаб-квартирасынын жанында болгон. Экинчи жардыруу британдык консулдук кызматынын имаратынын жанында болуп, британдык консул Рожер Шорт каза болгон. Үчүнчү жардыруу Metro City соода борборунун жанында болуп, калган эки жардыруу Стамбулдун борбордук аймагында болгон (экөөнүн бири — израилдик дипломаттык өкүлдүгүнүн жанында).
Террактты эл аралык "Аль-Каида" террордук уюму жана түрк радикал-исламдык тобу моюнуна алышкан.