24- Ноябрь 1963 -жылыЖон Кеннединин өлүмүнө шектүү делинген Ли Харви Освальд атып өлтүрүлгөн
АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди 1963-жылы 22-ноябрда киши колдуу болуп каза болгон. Бул кылмышка тийиштиги бар делинип Ли Харви Освальд аттуу адам Далласта камакка алынган. Бирок ал бул кылмышты мойнуна алган эмес. Камакка алынгандан эки күн өтпөй, Освальддын өзү да түз эфир учурунда атып өлтүрүлгөн.