24- Ноябрь 1973 -жылы
Советтик авиаконструктор Николай Камов көз жумган
Советтик авиаконструктор Николай Камов 71 жашында Москвада көз жумган. Николай Камов — советтик авиаконструктор, "Ка" үлгүсүндөгү тик учактын конструктору, техника илимдеринин доктору. 1972-жылы Николай Камов Социалисттик эмгектин баатыры наамына ээ болгон.