27- Ноябрь 1931 -жылы
англиялык микробиолог, паразитолог Дэвид Брюс каза болгон
Оору козгоочу бактериялардын топтомун ачкан англиялык микробиолог, паразитолог Дэвид Брюс каза болгон.
Дэвид Брюс Мельбурнда 1855-жылы 29-майда төрөлгөн. Эдинбург университетин 1881-жылы аяктаган. 1884-1888-жылдары бруцеллёз жана трипанос ооруларын изилдеген.
1884-1889-жылдары бруцеллёздун козгогучун таап (анын атынан бруцелла деп аталган), жыйынтыгында Мальтадагы бул оору жок кылынган. Африкада адамдардын жана айбандардын трипаносомоз козгогучтарын, цеце чымындары анын тараткычы экенин ачкан.